• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айтмамат Кадырбаев айрым мекемелердин ишмердүүлүгүн сынга алды

Аймак 0

Бишкек, 26.02.18. /Кабар/. Бүгүн, 26-февралда Ош шаарынын мэриясынынын кеңейтилген аппараттык жыйыны болуп өттү,-деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, мэриянын аппаратынын кызматкерлери, бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, аймактык кеңештин төрага, төрайымдары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө, шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери, жарыктандыруу, борбордук көчөлөрдө илинген көрнөк-жарнактар, аймактык кеңештердин ишмердүүлүгү тууралуу маселелерди карады.

“Оштун көркү кылган кызматыбызга байланыштуу болот. Андыктан ар бир мекеме өзүнүн жетектеген ишканасынын кылган ишине баа берип, аны текшерип туруу зарыл. Жаз келди, шаардын көркүн, тазалыгын карап, аймактык кеңештер шаардыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, көрнөк-жарнактардын ирээттүүлүгүн текшергиле”,- деди А.Кадырбаев.

Жыйындын соңунда катуу талаптарды коюп, жумушуна кайдыгер караган айрым жетекчилерге эскертүүлөрдү берди.

Пикир

Оставить комментарий