• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айтмамат Назаров энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен селектордук кеңешме өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров энергетикалык компаниялардын башкы дирекциялары менен селектордук кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Энергохолдингдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Кеңешменин жүрүшүндө коронавирус илдетинин жайылуусунун кесепеттерин төмөндөтүүгө багытталган биринчи кезектеги чаралар талкууланды.

Улуттук энергохолдингдин туунду коомдорунун башкы директорлору компаниялардагы учурдагы абал тууралуу, кызматкерлердин саламаттыгынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле, акционердик коомдордун бюджеттеринин киреше бөлүгүнүн түшпөй калуусу боюнча мүмкүн болуучу тобокелдиктер тууралуу маалымат беришти.

Белгиленип өткөндөй, тиричилик эмес кардарлардын ишмердигин чектөө же токтотуу киргизилгендигине байланыштуу, керектелген электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү топтоонун кыскаруусу күтүлүүдө, бул болсо, өз кезегинде оңдоп-түзөө жана алдыда турган жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштерин өз убагында өткөрүүгө коркунуч туудурат.

Айтмамат Назаров белгилегендей, энергетикалык компаниялар тез аранын ичинде түзүлгөн кырдаалга антикризистик жооп кайтаруу боюнча чараларды алдын ала көрүүсү керек.

“Мындай татаал мүнөттөрдө, чыгымдарды максималдуу түрдө кайра карап чыгып, бүткүл энерготутумдун туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн пландалган иштерди аткарууну улантуубуз керек. Өндүрүш ишмердүүлүгүнө байланышпаган бардык мамлекеттик сатып алуулар боюнча жол-жоболорду бир топ кийинки мөөнөткө жылдырууну сунуш кылабыз. Айлык акыларды, салыктарды жана социалдык төлөмдөрдү төлөөлөр кечиктирүүсүз жүргүзүлсүн”, - деп айтты Улуттук энергохолдингдин башчысы, жана ал энергетиктер өз күчтөрүнө жана ресурстарына гана ишенүүсү керек экендигин баса белгиледи.

Акырында, Айтмамат Назаров өзгөчө көңүлдү бардык кызматкерлердин саламаттыгынын коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө буруп, аралыкта иштеп жаткан кызматкерлердин санын максималдуу көбөйтүүнү сунуш кылды.

Пикир

Оставить комментарий