• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айтмамат Назаров "Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси болду

Кадр саясаты 0

Бишкек. 23.05.19 /Кабар/. Айтмамат Назаров "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКсынын башкармалыгынын башчысы болду.

Назаров бүгүн, 23-майда, Жогорку Кеӊештин жыйынында жаңы кызматка дайындалганын айтып, бүгүндөн тарта депутаттык ыйгарым укуктарын токтоторун билдирди.

Айтмамат Назаров 6-чакырылыштагы Жогорку Кеӊешке "Кыргызстан" саясый партиясынан депутат болуп келип, Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгына шайланган.

Пикир

Оставить комментарий