• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиcсиясынын курамы бекитилди

Коом 0

Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. Ч.Т. Айтматов атындагы Кыргыз Республиксынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы бекитилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду, - деп маалымдайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Жаштыр сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссия 2019-жылдын 8-ноябрына чейинки мөөнөттө талапкерлерге сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө чечимди кабыл алышы зарыл.

Эске салсак, Чынгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы 2000-жылы негизделген.

Сыйлыктын негизги максаты республиканын мыкты чыгармачыл күчтөрүн мекенчилдик маанайында жаштарды тарбиялоочу чыгармаларды түзүүгө жана демократиялык кайра түзүүлөргө багытталган чыгармаларды жаратууга, салттуу, адеп-ахлактык-маданий, көөнөрбөс баалуулуктарды өнүктүрүүгө жана сактоого, жаш муундарды гуманизм жана рухий-дене бой жактан тарбиялоо принцибин бекемдөөгө тартуу болуп эсептелет.

Сыйлык 11 номинация боюнча эки жылда бир жолу ыйгарылат.

Пикир

Оставить комментарий