• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айтматов атындагы сыйлык казак эл акыны Олжас Сулеймановго ыйгарылды

Коом 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. 29-ноябрда Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 48-пленардык жыйынынын алкагында Жогорку Кеңеш тарабынан берилүүчү Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык казак эл акыны, жазуучу Олжас Сулейменовго ыйгарылды. Сулейменовдун талапкерлигин уюмдун курамы толугу менен колдоп берген.

Сыйлыкты Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асел Кодуранова салтанаттуу тапшырды. Ал эми Олжас Сулейменов кыргыз парламентине ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин мындан аркы иштерине ийгилик каалады. Ошондой эле казак эл акыны: "Чыңгыз Айтматов менин устатым жана досум эле. Ал бир гана жазуучу эмес, көрөгөч, даанышман болчу. Ушундай улуу адамдын атындагы сыйлыкка ээ болуу мен үчүн чоң сыймык",-деп белгиледи.

Сыйлык тапшырган соң Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары Асел Кодуранова Олжас Сулейменов менен баарлашып, эстеликке сүрөткө түштү.

Эске салсак, 2012-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан негизделген улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык адабият жаатында ийгилик жараткан инсандарга ыйгарылат. Кыргызстандан бул сыйлыкка эл акыны Шайлообек Дүйшеев ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий