• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айтматов чыгармалары көп которулган Шекспир менен Толстойдон кийинки жазуучу

Коом 0

Бишкек, 07.12.18 /Кабар/. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, Чыңгыз Айтматов чыгармалары эң көп тилдерге которулуп, китеп болуп чыккан Шекспир менен Толстойдон кийинки дүйнөлүк классик. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарында Айтматовдун эстелигин ачуу аземинде белгиледи.

Айтматовдун китептери дүйнөнүн 176 тилине которулуп, жер шарынын 128 өлкөсүндө 100 миллиондон ашык нуска менен басылып чыккан. Мисалы, жазуучунун «Жамийла» повести ондогон тилдерге которулган. Немец тилинде гана бул повесть 37 жолу кайра басылып чыкты.

"Айтматовдун чыгармалары бүткүл дүйнөгө таанымал, анын повесттери жана романдары дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүнүн катарында турат. Ал биздин доордун эң көп окумдуу жазуучуларынын бири", — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президенттин пикири боюнча, Айтматов өз чыгармаларында жакшылык менен жамандыктын ортосундагы келишкис күрөштү чагылдырат. Доорубуздун көрүнүктүү гуманисти катары ал адилеттүүлүктү жана адамдын абийирин даңктаган.

Жээнбеков быйыл дүйнөлүк коомчулук улуу гуманисттин 90 жылдыгын кеңири белгилеп жатканын белгиледи. Анын мааракесине арналган иш-чаралар БУУнун Башкы Ассамблеясынын аянтында, Түрксой эл аралык уюмунун алкагында өттү. Анын мааракеси Россияда, Түркияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Азербайжанда, Беларусияда, Британияда, Германияда, Японияда жана башка өлкөлөрдө белгиленди.

"Анын даанышман ойлору, китептери, идеялары дайым биз менен. Татаал жана ыкчам өзгөрмөлүү дүйнөдө бизге руханий компас катары дайыма келечекке жол багыттайт", — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий