• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте “Айтматов энциклопедиясынын” 3 томдугунун бет ачары өтөт

Коом 0

Бишкек, 6-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту даярдаган “Айтматов энциклопедиясынын” 3 томдугу чыкты. Бул тууралуу УИА басма сөз кызматы билдирди.

“Энциклопедия” Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программанын алкагында КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалган. Энциклопедияны даярдоо белгилүү айтматовтаануучу, академик Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси жана жетекчилиги менен иш жүзүнө ашырылды. Энциклопедияны түзүүгө Тил жана адабият институтунун кызматкерлери, ошондой эле Бишкектин жогорку окуу жайларында эмгектенген, айтматовтаануу багытында илимий иш жазган окутуучу – илимпоздор катышышты.

«Бул томдуктарды даярдоодо жана чыгарууда жан дилибиз менен берилип иштедик. Биздин максат – Айтматов жөнүндөгү маалыматтарды окуу китеби, окуу куралы, хрестоматия, антология тибинде жалпы окурмандарга жеткиликтүү кылуу» - дейт эмгенктин демилгечиси жана жетекчиси академик Абдылдажан Акматалиев.

«Айтматов энциклопедиясында» төмөнкүдөй материалдар орун алган:

Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы түздү. Анын аңгеме, повесть, драма, роман, макала, маек, сүйлөгөн сөз, докладдарына аннотация жазылып, айрым публицистикалык тексттер толук бойдон орун алган.

Ч.Айтматовдун чыгармаларынын дүйнөлүк тилдерге которулуп, көптөгөн өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын жана мектептердин окуу программасында орун алгандыгы жөнүндө маалыматтар.

Ч.Айтматовдун чыгармаларынын театрда, кинодо, музыкада, сүрөт өнөрүндө чагылдырылышы. Жазуучунун чыгармачылыгы көптөгөн режиссерлордун, артисттердин, операторлордун, музыканттардын, сүрөтчүлөрдүн талантынын ойгонушуна жана өркүдөшүнө шарт түзүп, эл аралык фестивалдарда белгилүү орундарды алып, «кыргыз кереметин» түзгөн.

Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөгө байланыштуу маалыматтар. Кыргыз жазуучусу жөнүндө дүйнөлүк изилдөөчүлөр миңдеген монографиялык изилдөөлөрдү, жыйнактарды, макалаларды, окуу китептерин, окуу куралдарын жазышты.

Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына байланыштуу адабияттаануу, тил, философиялык, педагогикалык, искусствотаануу багытындагы айрым түшүнүктөр жана топонимдер да кирди.

Айтматовго арналган ырлар жөнүндө маалыматтар да бар. Чыңгыз Айтматовго карата төкмө акындардан, профессионал калемгерлерден жөнөкөй окурмандарга чейин өз мекендешине карата сыймыктануу сезимдерин, чыгармачылыгы боюнча жакшы пикирлерин, сый-урматтоолорун, ызааттоосун жазуучуга билдиришкен.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл инсандар тууралуу айткандары жана Ч.Айтматов тууралуу замандаштарынын пикирлери. Жазуучулук басып өткөн жолунда Ч.Айтматов «Манас» баштаган элдик оозеки чыгармачылыктан, Чыгыш менен Батыштын маданиятынан, дүйнөлүк адабияттын үлгүлөрүнөн таасир алган, кайра өзү дүйнөлүк адабиятка таасир эткен.

Чыңгыз Айтматовдун ысымындагы мектептер, клубдар, академиялар, институттар, илимий, адабий борборлор, китепканалар, музейлер, парктар, скверлер, самолеттор, кемелер, почталык маркалар ж.б. камтылган.

«Айтматов энциклопедиясы» 1,5 миң нуска менен жарык көргөн, Мамлекеттик тил боюнча Улуттук программанын алкагында “Турар” басмасынан басылып чыкты.

Бет ачар 2017-жылдын 7-июнунда саат 11.00дө УИАнын фойесинде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий