• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айтматов кең көчөсүнүн Жаманбаевден Сухомлинов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылды

Коом 0

Бишкек, 02.08.18. / Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, Айтматов кең көчөсүнүн Жаманбаев көчөсүнөн Сухомлинов көчөсүнө чейинки бөлүгү бир жумага жабылып жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган жерде магистралдык жылуулук тармагын жана ички кварталдык жылуулук тармагын алмаштыруу боюнча жумуштар жасалат.

Жумушту “Бишкекжылуулуктармагы” ААК 2018-жылдын 1-августундагы №155 буйруктун негизинде жүргүзөт. Жылуулук тармактарын коюу 7-августка чейин уланат.

Айдоочулар батыш тараптан Бакаев (Чапаев), Жунусалиев (Орджоникидзе), чыгыш тараптан Токтоналиев жана Табалдиев көчөлөрү менен жүрө алышат. Айни менен Айтматов көчөлөрүнүн кесилиши автотранспорттордун кыймылы үчүн ачык болот.

Пикир

Оставить комментарий