• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айтматов бизге өзбек жазуучуларына караганда көбүрөөк жакын – Зухридин Исомутдинов

Коом 0

Бишкек, 07.10.18. /Кабар/. 2019-жылы Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын өзбек тилинде жарыяланышына 60 жыл болот. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган III “Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары” эл аралык Ысык-Көл форумунун секциялык отурумунун жүрүшүндө “Өзбекстан-Кыргызстан” достук коомунун аткаруучу директору Зухридин Исомутдинов билдирди.

Ал улуу жазуучунун чыгармачылыгын өзбек эли сүйөрүн, Айтматовду өзбек жазуучуларынан дагы көбүрөөк жакын жазуучу деп эсептешерин белгиледи.

Ал которулган аңгемелер терең философиялык маанини толугу менен жеткире албай турганын, котормочулар ушул маселеге көбүрөөк көңүл бурушу керектигин айтты.

Заманбап дүйнө жана маданий өзүнчөлүк: “Дүйнө бизди өзгөрттү, биз дүйнөнү өзгөрттүк” секциялык отурумунда Исомутдинов ушул маселени көтөрдү.

Пикир

Оставить комментарий