• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Айтматов жөнүндө сөз: Улуу инсан жана коомдук ишмер” аттуу эскерүү кечеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. Таланттуу жазуучу, улуу ойчул, гуманист, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Айтматов жөнүндө сөз: Улуу инсан жана коомдук ишмер” деген аталыштагы эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу КР Илимдер академиясынан билдиришти.

Эскерүү кечеси Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун демилгеси менен уюштурулууда.

Анда Кыргызстан менен бүткүл дүйнөнүн ортосуна руханий көпүрө түзгөн инсан, күчтүү руханий байлыгы жана туруктуу чыгармачылык изденүүсү менен тапкан табылгаларын коомго, окурмандарга берген улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу сөз болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий