• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айтматовдун 90 жылдыгы: Республикалык айтыштын тандоо туру өттү – акындардын тизмеси

Коом 0

Бишкек, 05.11.18 /Кабар/. Бүгүн, 5-ноябрда Бишкекте Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган республикалык айтыштын тандоо туру болуп өттү. Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фондунан билдиришти.

Тандоо туруна жалпысынан 32 акын катышып, жыйынтыгында 16 төкмө тандалып алынган. Тандоо туруна акын кыздардан катышып, упайлары аз болгондуктан кийинки баскычка өтпөй калышкан.

Эске сала кетсек, Ч.Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына арналган айтыш 8-ноябрда Талас облусунда Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрында өтөт. Айтыш саат 10:00дө башталат.

Айтыштын байге фонду 1 млн. сомду түзөт.

Белгилей кетсек, айтыш Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кыргыз улутук “Манас ордо” комплекси жана “Айтыш” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.

Чыңгыз Айтматодун 90 жылдыгына арналган Республикалык Айтышка катышуучу акындар:

1.Абдылда Нуралиев;

2.Амантай Кутманалиев;

3.Баян Акматов;

4.Болот Назаров;

5.Асылбек Маратов;

6.Чыңгызхан Кожошов;

7.Кутман Садыбакасов;

8.Арген Биймырза уулу;

9.Кадырбек Бейшенов;

10.Мамелбек Исраилов;

11.Жылдызбек Төрөканов;

12.Элмирбек Иманалиев;

13.Мамбектокто Мамбеторозов;

14.Эламан Келдибеков;

15.Темирбек Матыбаев;

16.Абубакир Бакиров.

Пикир

Оставить комментарий