• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сынак жыйынтыкталды - жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Коом 0

Бишкек. 13.12.18. /Кабар/. Ч. Айматовдун 90 жылдыгына арналган жаштар арасындагы жалпы республикалык сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Улуу жазуучунун 90 жылдыгына арналган сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө болуп өттү. Иш-чарага Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Мирлан Парханов, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов катышты.

Бул сынакка Ч. Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу баяндаган иштер катышып, 4 номинация каралган.

Сынактын жыйынтыгы:

1. “Мыкты макала” номинациясын “Эркин Тоо” гезитинин кабарчысы Мээрим Бактыбек кызы (“Атам жана Айтматов” макаласы үчүн) кызыктыруучу сыйлык алды.

2. “Мыкты поэзия” номинациясы:

1-орун – Изатова Рыскүл (“Кыйрыңда турчу бир арман” ыры үчүн);

2-орун – Алтымыш уулу Мирлан (“Айтматовго таазим” ыры үчүн);

3-орун – Орозалиева Чолпон (“Көсөмдүк, улуулук, бийиктик” ыры үчүн);

Кызыктыруучу сыйлыктар:

Нурлан кызы Бегайым (“Аруулук, актык Айтматов” ыры үчүн),

Саттаров Кылымбек (“Чыңгыз Айтматовго” ыры үчүн),

Матенова Алияга (“Чыңгыз Айтматов” ыры үчүн) ыйгарылды.

3. “Мыкты эссе” номинациясы:

1-орун – Нурланбекова Дилшат (“Шекеримдин сыймыгы” эссеси үчүн);

2-орун – Жыргалбаева Бибинур (“Тоолор кулаганда” эссеси үчүн;

3-орун – Батанова Толкун (“Айтматов жана келечек жаштары” эссеси үчүн).

Кызыктыруучу сыйлыктар:

Кайытбек кызы Айдана (“Айтматов карегим” эссеси үчүн),

Беккелди уулу Билимбек (“Иш үстүндө баарлашуу” эссеси үчүн),

Кубанычбек кызы Назгүл (“Айтматов каармандары медицианлык рефлексиянын предмети катары” эссеси үчүн) ыйгарылды.

4. “Мыкты телесюжет” номинациясы:

1- орун – Махабат Үзөнбай кызы (ЭлТР), (“Айтматов ааламдын алп ойчулу” сюжети үчүн);

2- орун – Бермет Курманбекова (КТРК) (“Чыңгыз Айтматов” жөнүндө сюжети үчүн);

3- орун – Нурайым Бейшеналиева (Ысык-Көл облустук телерадиокомпаниясы) (“Айтматов” тууралуу сюжети үчүн);

Кызыктыруучу сыйлыктар:

Гүлнара Пратова (Маданият. Тарых. Тил каналы КТРК), (“Айтматовдун изи менен” сюжети үчүн);

Актилек Гүлжигит кызы (КТРК) (“Айтматов” жөнүндө);

Сүйүнбүбү Тагаева (Пирамида телеканалы) (“Ысык – Көл форуму” сюжети үчүн) сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий