• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айтматовдун 90 жылдыгына карата Бишкекте футбол боюнча турнир өтөт (U-12)

Спорт 0

Бишкек, 19.11.18 /Кабар/. Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Бишкекте өспүрүмдөр командалары арасында (U-12) футбол боюнча турнир өтөт. Бул тууралуу футбол Федерациясынан кабарлашты.

Мелдешке Кыргызстан жана Казакстандан 8 команда катышат.

Бардык оюндар футбол үйүндө 20нан 24-ноябрга чейин өткөрүлөт.

Биринчилик үчүн “Дордой” ФК (Бишкек), Момунов атындагы футбол академиясы (ОШ), “Кайрат” ФК (Алматы), ОСДЮСШ (Тараз), “Илбирс” ФЛ (Бишкек), “Абдыш-Ата” ФК (Кант), “Шахтер” ФК (Караганда), “Ордабасы” ФК (Шымкент) командалары ат салышат.

Пикир

Оставить комментарий