• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айтматовдун чыгармачылыгына арналган республикалык сынактын жыйынтыгы чыгарылды

Маданият 0

Бишкек, 11.12.18 /Кабар/. Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган республикалык сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Жеңүүчүлөр жаштар арасында "Эң мыкты эссе", "Эң мыкты поэзия", ал эми массалык маалымат каражаттар арасында "Эң мыкты телесюжет", "Эң мыкты макала" сыяктуу номинациялар боюнча аныкталды.

Сыйлоо аземи Айтматов атындагы Кино үйүндө өттү. Байге фонду 800 миң сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий