• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айтматовдун хинди тилиндеги чыгармалары Улуттук китепканага берилди

Маданият 0

Бишкек, 25.12.18. /Бишкек/. "Индия Чыңгыз Айтматовду окуйт" акциясынын алкагында Улуттук китепканага Айтматовдун хинди тилинде басылган чыгармалары тапшырылды. Бул тууралу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Китепканага жазуучунун хинди тилиндеги чыгармаларын белгилүү котормочу Киран Сингх Верма берген. Ал топтомго жазуучунун "Атадан калган туяк", "Ак жаан", "Сыпайчы" чыгармалары кирген.

Ошондой эле китепте жазуучунун карындашы Роза Айматова менен болгон маектер бар.

Киран Сингх Верма Нью-Делидеги (Индия) Джавахарлал атындагы университетте эмгектенет. Ал аталган чыгармаларды которууга 1 жылга жакын убактысын короткон.

Котормочу алдыда Айтматовдун башка чыгармаларын которууну көздөөдө.

Пикир

Оставить комментарий