• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айтматовдун мааракесине карата чет өлкөлөрдө 200дөн ашык иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Жыл башынан бери кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып дүйнө боюнча 200дөн ашык иш-чара өттү. Анын баары коомдук ишмер жана алып баруучу Ассоль Молдокматова тарабынан демилгеленип өткөрүлгөн. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда айтып берди.

Бирок ал кайгыруу менен белгилегендей, жазуучунун мекенинде анын мурасына жетиштүү көңүл бурулган жок жана бул пикирге көптөр кошулат.

“Мен жана менин командам Айтматовдун 90 жылдыгына карата чет өлкөлөрдө өкмөт жана шаар мэриялыктарынын деңгээлинде 207 иш-чара өткөрдүк. Алар олуттуу, ири долбоорлор болду. Мисалы, Анталиядагы китепкананын пайдубалына капсула салуудан баштап сейил бак ачуу, барельеф, айкел орнотуу, конференция, медиафорум, кинофестиваль, Айтматов күндөрүн өткөрүү сыяктуу иш-чаралар уюштурулду. Башкача айтканда, алдыга коюлган пландар толугу менен аткарылды”, - деди Молдокматова.

Анын айтымында, жазуучунун мекенинде ага сый-урмат көрсөтүлүшү керек болчу.

“Мындай алп жазуучу төрөлгөн өлкөдө ар бир көчөдө, ар бир жерде көрнөктөр туруп, социалдык ролик, теледе атайын долбоорлор болушу керек эле. Бирок андай иштер жасалган жок. Биз бир эле Ысык-Көл форумун көрө алдык”, - деп кошумчалады коомдук ишмер.

Ал белгилегендей, Айтматов калтырган адабий байлык мурункудай эле дүйнөнү бириктирип, ал жаратып кеткен образдар баардык өлкөлөрдөгү, баардык континенттеги окурмандардын назарын буруп турат.

“... Россия, Казакстан, Татарстан, Түркия, Испания, Италиядан баштап көптөгөн өлкөлөрдө маараке белгиленип, биздин мекендешибиз дүйнөдө кандай кадыр-баркка ээ экени көрүндү. Мени ал нерсе суктандырып, таң калтырды. Айтматов алигиче дүйнөнү, шаарларды, ар кайсы улуттарды бириктирип турарына көзүм жетти. Ал адамдын ички дүйнөсүнүн чыныгы сүрөтчүсү”, - деди Молдокматова.

Молдокматова белгилегендей, кыргызстандыктар Айматов өткөн күн эмес ... бүгүнкү учур, келечек экенин, анын кагаз бетинде калган ойлорунун дайыма өз орду болуп, жандуулугун жоготпой турганын түшүнүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий