• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Айтылуу киноактёр Орозбек Кутманалиевди эскерүү кечеси өттү

Маданият 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын, киноактёр, режиссёр, дастанчы Орозбек Кутманалиевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Эскерүү иш-чарасына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директору Кайрат Иманалиев, Орозбек Кутманалиевдин замандаш шакирттери, бир топ маданият ишмерлери катышты.

Орозбек Кутманалиевдин 90 жылдык мааракесине арналган эскерүү кечеси чыгаан таланттын чыгармачылык чыйыр жолун чагылдырган атайын пролог менен башталып, концерттик программа менен коштолду. Аталган кечеде кыргыз кино аренасында кайталангыс жаркын образдары менен бүтүндөй элдин эсинде калган Орозбек Кутманалиевдин өнөргө арнаган өнөктүү өмүр жолу кенен баяндалып, чыгармачылык бейнеси терең ачылды.

Орозбек Кутманалиев 1932-жылы 10-майда Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылында жарык дүйнөгө келген.

Эмгек жолун 1955-жылы Республикалык куурчак театрында артист болуп иштөө менен баштаган. 1965-жылдан Т. Сатылганов атындагы кыргыз мамлекеттик филармониясында солист, 1969-жылдан Кыргыз телекөрсөтүү жана радио уктуруу комитетинде режиссёр-диктор, 1974-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясында дубляж боюнча режиссёр болуп эмгектенген.

Кино талаасына Юрий Борецскийдин "Ак куулар конгон айдың көл" тасмасында жылкычынын ролун аткаруу менен кирген. Андан соң Болот Шамшиевдин "Ак кеме", "Фудзиямадагы кадыр түн", "Бөрү зындан", "Эрте келген турналар", "Адамдар арасында", Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму", "Алтын күз", Мелис Убукеевдин "Акмөөр", "Сүйүү закымдары", Дооронбек Садырбаевдин "Түркүн тагдырлар", "Махабат дастаны", Кадыржан Кыдыралиевдин "Өрүкзардагы баян", Геннадий Базаровдун "Жаңылуу" өңдүү 20га жакын фильмде образ жараткан.

Ошондой эле ал кыргыздын дастан, терме-санат ырлары мыкты аткарган чебер аткаруучу катары да эл эсинде калды.

Пикир

Оставить комментарий