• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Айтылуу Зардалыга барчу жалгыз жол кар жана таштан тазаланып, кыймыл жанданды

Аймак 0

Бишкек 03.06.23. /Кабар/. Баткен облусунун Кара-Бак айыл аймагындагы Зардалы айылына барчу жалгыз жол кар жана таштан тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялык министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы 85 чакырымды түзгөн Сох-Кан-Зардалы жолунун 45-68-чакырым аралыгына кар көчкү түшүп, таш кулаган.

“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери аталган жерге барып, жолду тазалашкан. Учурда аталган жолдун 11-чакырымында суунун нугун буруу жумуштары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий