• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Айтыш фильм” Кыргызстандын кыска метраждуу фильмдерин көрсөттү

Маданият 0

Бишкек, 20 -февраль /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө “Айтыш фильм” киностудия “Манас” кыргыз-түрк универсети менен биргеликте жаш режиссерлор Фарида Сейталиеванын, Элнура Ташбаеванын, Айжамал Болотованын, Зирегүл Кубандык кызынын жана Мээрим Догдурбекованын кыска метраждуу фильмдерин көрсөттү.

Кинотасмаларды “Айтыш фильм” киностудиясынын техникалык көмөгү менен “Манас” кыргыз-түрк университетинин бүтүрүүчүлөрү тартышкан. Тасмалардын жетекчиси белгилүү кинорежиссер, “Манас” кыргыз-түрк университинин окутуучусу ” Артыкбай Сүйүндүков. Иш-чаранын максаты – жаш кинематографисттердин чыгармачылык потенциалын ачуу чыгармачылыгына стимул берүү болуп саналат.

Кино үйүндө 5 фильм - Фарида Сейталиеванын “Жаш манасчы”, Элнура Ташбаеванын “Тамчы”, Айжамал Болотованын “Ай сонатасы”, Зирегүл Кубандык кызынын “Түнкү конок”, Мээрим Догдурбекованын «Бакыт» кинотасмалары көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий