• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аюу айылында жер көчкү алдынан өспүрүмдүн сөөгү табылды - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 4-май /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Аюу айылындагы жер көчкүнүн алдынан дагы бир өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, кечээ 18:10до куткаруучулар 2000-жылы туулган өспүрүмдүн сөөгүн табышкан.

Белгилей кетсек, ушул эле күнү 2003 жана 2007-жылы туулган кыздардын сөөгү табылган.

29-апрелде эртең менен түшкөн жер көчкү 6 үйдү басып калып, 24 адам көчкү алдында калган. Алардын дээрлик жарымы балдар.

Бүгүнкү күнгө карата 8 адамдын сөөгү табылды.

Пикир

Оставить комментарий