• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айыл аймактын аймагында катталган айыл чарба кооперативдери артыкчылык укугуна ээ болот

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Мыйзамга) 2-окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Рада Туманбаева баяндама жасады.

Бүгүнкү күндө жер тилкелери үлүш-үлүштөргө берилип, бөлүнүп кетиши агрардык сектордун өнүгүүсүн жайлатууга алып келди. Мындай жагдайды чечүүдө айыл жергесинде экономикалык жактан пайдасын түшүндүрүү жолу менен ыктыярдуу негизде кооперацияга өтүү башкы маселе. Кооперацияларга биригүүнүн негизги максаты материалдык жана каражат ресурстарын рационалдуу колдонууга, өндүрүштүк жана башка чыгымдарды азайтууга, рынокто тиешелүү артыкчылыктарга жетишүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору айыл чарба кооперативдеринин жана фермердик чарбалардын ортосунда бирдей шарт түзүүдө айыл чарба багытындагы жерлерди менчикке же пайдаланууга берүүдө бирдей укук берүү үчүн, ошондой эле жер үлүштөрүн же жер тилкелерин сатууда айыл чарба кооперативдерин колдоо максатында сунушталган. Долбоор аркылуу айыл чарба багытындагы жерлерди пайдаланууга берүүдө ошол айыл аймактын аймагында катталган жана иштеген айыл чарба кооперативдери артыкчылык укугуна ээ болоору көрсөтүлгөн.

Жыйынтыгында депутаттардын сунуш-пикирлери эске алынган тармактык комитеттин корутундусу менен мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий