• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Айыл айымдары": Ош жана Чүйдө аялдардын укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча долбоор ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 22.09.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ош жана Чүй облусунда аялдардын укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча "Айыл айымдары" аталышындагы пилоттук долбоор ишке кирди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында долбоордун менеджери Дамира Бустанова билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоор август айынан баштап апрель айына чейин созулат.

"Биздин долбоордун ишке ашышы 3 бөлүктөн турат. Биринчиси ЖМКлар менен жолугушуп, айыл айымдарынын көйгөйлөрүн көтөрүү, экинчиси Чүй менен Ош облусунда 22 тренинг өткөрүү жана жер-жерлердеги укуктук кеңеш алуу акысыз экендигин айыл айымдарына жеткирүү. Долбоор Ош жана Чүй облусундагы 15 районду жана 193 өз алдынча башкаруу органдарын камтыйт", - деди долбоордун менеджери.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директору Өмүрбек Алманбетовдун айтымында, долбоорго айыл айымдары, жергиликтүү коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, айыл жеринде калкка кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери жана өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери катыша алат.

"Пилоттук негизде иштеп баштаган "Айыл айымдары" долбоорунун максаты айыл жергесиндеги аялдарга карата терс дискриминациялык стереотиптерди азайтуу жана жок кылуу, мыйзамдуу укуктары боюнча кабардар кылуу жана сабаттуулугун жогорулатуу, укук көрсөткөн борборлорго жана "Тилектештиктин автобустарына" кайрылгандардын санын жогорулатуу болуп саналат", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий