• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Айыл банк» ААК жана «РСК Банк» ААК региондордогу айыл чарбасын каржылоонун үлүшүн көбөйтүштү

Экономика 0

Бишкек, 20.08.19. /Кабар/. «Айыл банк» ААК жана «РСК Банк» ААК жетекчилери бүгүн, 20-августта Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында регионалдык долбоорлорду жана айыл чарбасын каржылоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүнө айтып беришти.

«Айыл банк акыркы 3-4 жыл ичинде коммерция, соода, курулуш чөйрөлөрүндөгү бизнес-долбоорлорду каржылаган. Азыр бул абалды оңдоп жатабыз. Анткени биздин милдетибиз – каражаттардын 60 пайыздан кем эмесин айыл чарба тармагына багыттоо», – деп белгиледи «Айыл банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев.

undefined

Ал президент Сооронбай Жээнбековдун сунуштарына ылайык агро өнөржай комплексин мындан ары карай өнүктүрүүгө көп көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

«Эгерде 2018-жылдын аягына карата финансы ресурстарынын 52 пайызы айыл чарбасына жумшалган болсо, 2019-жылдын август айына карата анын көлөмүн биз 65 пайызга чейин көбөйттүк. Биз бул багытта ишибизди улантабыз. Президент айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү ишканаларын каржылоонун жана айыл чарба азык-түлүктөрүнүн атаандаштыкка туруктуулугун арттыруунун эсебинен ички жана тышкы миграцияны азайтууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө өзгөчө көңүл бурду», — деди Бактыбек Шамкеев.

Ал ошондой эле экспортко багытталган ишканаларга жана Банк ишмердигине санариптик технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл буруу милдети коюлганын кошумчалады.

«РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкулов 2019-жылы Банктын кредиттик портфели 2018-жылга салыштырмалуу 1 миллард сомго көбөйүп, 13,6 млрд сом болгонун белгиледи. Регионалдык долбоорлорду каржылоо өткөн жылга салыштырганда 21 пайызга көбөйдү.

undefined

Ал «РСК Банк» ААКнын жер-жерлердеги филиалдары региондордогу ишкерлерди артыкчылык тартипте каржылап жатышканын белгиледи.

Азизбек Оморкулов ошондой эле санариптештирүүнүн алкагында банкта «РСК-24» мобилдик тиркеме ишке киргизилгенин да билдирди. Ал аркылуу салыктардын бардык түрлөрүн, айып пулдарды жана мамлектеттик бюджетке төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот.

Бактыбек Шамкеев менен Азизбек Оморкулов «Айыл банк» ААК жана «РСК Банк» ААК кардарларды тейлөө убактысын кыскартуу жана ишти оптимизациялоо үчүн «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системасына интеграциялануу боюнча активдүү иштеп жатышканын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий