• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Айыл банк" айыл чарба техникаларын лизингге берүүдө. Шарттары

Коом 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. “Айыл банк” ААК айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндарды, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарын жеңилдетилген шартта лизингге берүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, лизинг жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин берилүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 6930,5 млн сомго 4 036 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди, ал эми 2022-жылы 627,0 млн сомго 260 техника берилген.

Жогорудагы долбоорлордун бардыгына КР министрлер кабинетинин чечими менен “Айыл банк” ААК оператор болуп дайындалган жана лизинг долбоорлору министрликтин көзөмөлү аркылуу ишке ашырылып жатат.

Айыл чарба техникаларын лизингге берүүнүн шарттары:

- лизинг мөөнөтү – 7(жети) - 10(он) жыл;

- үстөк пайызы – лизинг алуучунун өз салымынын өлчөмүнө жараша жылдык 6, 7, 9%га барабар;

- күрөө – өз салым 20%дан жогору болгон учурда күрөө катары лизинг предмети (техника) каралат;

- лизинг алуучу тарабынан өз салым 20%дан кем төлөнсө кошумча күрөө катары айырмасына мүлк талап кылынат;

- камсыздандыруу техника алуусунун макулдугы менен ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт;

- лизинг операциялары сом менен жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий