• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

"Айыл Банк” быйыл дыйкандарга 600 млн. сомго лизинг берди

Экономика 0

Бишкек, 13.11.18. / Кабар/. Мурда лизингге айыл чарба техникасы гана берилсе, ушул жылдан тарта атайын техника – камаз, экскаватор, курулуш жабдуулары бериле баштап, пайыздык ченин сом менен алганда 14%, доллар менен 9% ченинде 5 жылга берилүүдө. Бул тууралуу “Айыл Банк” ААКсынын лизинг башкармалыгынын башчысы Урмат Акматов “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба техникасы сом менен 6%дан 11%га чейин 7 жылга, комбайндар 6% менен 10 жылга берилүүдө.

“Бул жылы дээрлик 600 млн. сомго 300 техника бирдигин берүүдөбүз. Өткөн жылы 523 млн. сомго 357 техника берилген”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий