• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Айыл банк» лизинг катары 300 техника бирдигин берди

Экономика 0

Бишкек, 11.09.19. /Кабар/. «Айыл Банк» ААКсы лизинг катары 300 техника бирдигин берди. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында «Айыл банк» ААКсынын лизинг башкармалыгынын башчысы Урмат Акматов билдирди.

Анын айтуусунда, быйыл банк «Мамлизинг 5» аталыштагы жаңы продукт ачкан, - трактор жана комбайндарды 6% чени менен 10 жылга берүү. Учурда дээрлик 600 млн. сомго 300 даана техника берилген.

«Жалпы шарттары 6%дан 10 пайызга чейин. Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун 10 жылга 5%дан 10% чейинки ресурстары бар», - деди Акматов.

Ал кошумчалагандай, 2014-жылдан тарта мындай лизингдердин жогорулап жаткандыгы байкалууда.

«2014-жылы 187 млн. сомго техника бергенбиз, быйыл 600 млн. сомго. Башкача айтканда, жыл сайын каалоочулардын саны өсүүдө. Негизинен техниканы Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы дыйкандары алышат», - дейт Урмат Акматов.

Пикир

Оставить комментарий