• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Айыл банк” тарабынан насыялардын 84 пайызы аймактарга берилген

Экономика 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. “Айыл банк” тарабынан насыялардын 84 пайызы аймактарга берилген . Бул тууралуу “Айыл Банк” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бакыт Асанбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, аталган банк тарабынан 2019-жылдын жети айында 7 млрд 634 млн сомго насыя берилсе, быйыл 8 млрд 152 млн сомго насыя берилген.

“Бул дээрлик 500 млн сомго көбүрөөк болду. Берилген насыялардын 84 пайызы аймактарга берилди. Ал эми насыялардын 58 пайызы жазгы айдап-себүүгө жумшалган. Калгандары үй-тиричилик, транспорт жана өнөр жай тармагына коротулган”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий