• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Айыл Банк» «Вефа-центр» соода борборунан ижарага кеңсе албайт

Коом 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. Учурда «Айыл Банк» ААК өз алдынча чарбалык субъект катары Кырыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин аткаруу максатында «Вефа-центр» соода борборундагы кеңсени ижарага алуу боюнча «Аруу Жылдыз» жоопкерчилиги чектелген ишкана менен ижара келишим токтотуу боюнча ишин баштады. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Азыркы тапта кеңсенин бардык бөлүмдөрү мурдагыдай мөөнөттө иш алып барууда.

Эскерте кетсек буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бишкек шаарындагы Пушкин 50 дарегиндеги «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун башкы кеңсеси жайгашкан имараттын ижара мөөнөтүн 3 жылга узарткан.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Аталган чечим “Айыл Банк” ААК мамлекеттик колдоо көрсөтүү менен материалдык-техникалык базасын чыңдоо, жана мамлекеттик менчиктеги объекттин эффективдүү иштешин камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий