• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Айыл банк» жана «РСК Банк» айыл жергесиндеги өндүрүшчүлөрдүн долбоорлорун колдоону улантат

Экономика 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. «Айыл банк» ААК жана «РСК Банк» ААК жетекчилери бүгүн, 14-январда, айыл чарба, кайра иштетүү жана өнөр жай тармактарындагы долбоорлорду колдоо жана каржылоо улантылары жөнүндө айтып беришти.

«Айыл банктын» миссиясы элеттик өндүрүшчүлөрдү жана жалпысынан айыл чарбасын, анын ичинен продукцияны кайра иштетүүнү колдоо болуп саналат. 2019-жылы насыялык портфель 20 млрд сомго көбөйдү, банктын активдери 30 млрд сомго жетти. Ошол эле маалда депозиттик база 2 млрд сомго өстү», — деп билдирди «Айыл банк» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев.

Ошондой эле региондордо кластердик жол менен жумушчу орундары түзүлүп жатат. Мал чарбачылык багытындагы продукцияны — эт, жүн, терини кайра иштетүү колдоого алынууда.

«Банктын насыялык саясаты аймактардагы долбоорлорго багытталган. Эгерде 2018-жылы ири насыялар Бишкекке же башка шаарларга багытталган болсо, эми биз аймактардагы чакан жана орто бизнести колдоо максатында айыл жергесиндеги чакан жана орто насыяларга диверсификация жасадык», — деп баса белгиледи Бактыбек Шамкеев.

Ал «Айыл банк» айыл жергесинде насыя берүүнү кеңейтүү үчүн кошумча ресурстарды издөөнү жана экспортко багытталган же импортту алмаштыра ала турган долбоорлорду табууну улантып жатканын кошумчалады.

«РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкулов 2019-жылы ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо үчүн 8,4 млрд сомдон ашык насыялык ресурстар берилгенин билдирди. Бул 10 миңден ашуун насыячы дегенди билдирет.

Бул ресурстардын көпчүлүгү аймактарда кайра иштетүүчү тармакты колдоого багытталып, 2018-жылга салыштырмалуу өсүш 20%ды түзгөнүн баса белгиледи.

«Мисалы, пахтаны кайра иштетип, май чыгарган ишкана каржыланып, жергиликтүү айыл чарба өндүрүшчүлөрүнөн сатып алган сырьену керектөөсүнүн көлөмү 12 500 тоннага чейин өскөн. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугунун өсүшү менен айдоо аянттары дагы кеңейет. Мындан тышкары, жакында жүндү кайра иштетүүчү ишкана ачылат. Бул өзгөчө ишкана болот. 3-4 айдын ичинде ишке кирери күтүлүүдө», — деп айтты Азизбек Оморкулов.

Ал долбоорлорду каржылоо райондордо жана шаарларда улантылганын, бирок басым айыл жергесиндеги долбоорлорго жасалып жатканын кошумчалады.

«Мындан тышкары, банк ишмердүүлүгүн активдүү санариптештирүү жана бардык кызматтарды санарип форматка өткөрүү жүрүүдө. Учурда, мобилдик банкинг аркылуу банкка барбастан, 40 миңдей колдонуучу 400дөн ашуун, анын ичинде мамлекеттик дагы төлөмдөрдү жүргүзө алышат», — деп белгиледи «РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкулов.

Пикир

Оставить комментарий