• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Айыл Банктын" 10 миңден ашык кардарынын насыясынын мөөнөтү жылдырылды – Шамкеев

Экономика 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. "Айыл Банктын" 10 миңден ашык кардарынын насыясынын мөөнөтү жылдырылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында "Айыл Банк" ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев билдирди.

"Бүгүнкү күнү бизде кардарларды тейлөө боюнча 103 бөлүм иштеп жатат. Алардын экөө штаб жана комендатуралардын кайрылуусу менен коронавирус боюнча кырдаал оор болгон жерлерде ачылды. Бүгүнкү күнү кредиттик портфелибиз 21 млрд сомдон ашат. Жыл башынан бери 4 млрд сом насыя берилип, аны дээрлик 17 миң кардар алды. Сиздер билгендей "Айыл чарбасын каржылоо-8" программасына катышабыз. Ал программа боюнча 793 млн сом насыя берилди, насыяны 1 миң 183 кардар алды", - деди ал.

Анын айтымында, Улуттук банктын токтомун аткаруу үчүн кыйын абалга туш болгон кардарлардын насыяларынын мөөнөтүн жылдыруу жана реструктуризациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

"Бүгүнкү күнү 10 миң 153 кардардын насыясынын мөөнөтү жылдырылды жана ал портфелдин жалпы суммасы 5 млрд сомду түздү. Ошондой эле насыянын мөөнөтүн жылдыруу жана реструктуризациялоо боюнча арыздарды кабыл алуу уланууда", - деди ал.

Аны менен бирге ал, карантинден кийинки иш-аракет катары кардарлар үчүн жеңилдиктер каралган кредиттик продукттар иштелип чыгып жатканын айтып берди.

"Ал насыя продукттарынын пайыздары рыноктогуга караганда төмөн болору каралууда. Алар 5-6 пайызга төмөн болот. Бул кырдаалда көбүрөөк жапа чеккен чакан жана орто бизнеске басым жасалат. Ал насыялар өкмөттүн экинчи антикризистик планынын алкагында берилет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий