• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

“Айыл Банктын” кредиттик портфели 21,5 млрд сомду түзөт – Асанбаев

Экономика 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. “Айыл Банктын” кредиттик портфели 21,5 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында “Айыл Банк” ААКсынын төрагасынын орун басары Бакыт Асанбаев билдирди.

“Бүгүнкү күнү “Айыл Банктын” кредиттик портфели 21,5 млрд сомду түзүп, жалпы 72 миң кардар биздин насыяларды пайдаланып келе жатат. Биздин банк көптөгөн кызматтарды көрсөтөт, универсалдуу банк деп айтса болот. Насыядан тышкары, депозиттерди кабыл алабыз, акча которууларды жүргүзөбүз, валюта алмаштыруу, эсептик-кассалык тейлөө кызматтарын көрсөтөбүз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий