• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Айыл банктын” насыяларынын жарымы айыл чарбаны каржылоого берилген - Шамкеев

Экономика 0

Бишкек 06.02.20. /Кабар/. 2020-жылдын 1-январына карата алынган маалыматка ылайык, “Айыл банктын” насыяларынын жарымы айыл чарба жаатына берилген. Бул тууралуу "Айыл банк" ААКнын башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев билдирди.

Анын айтуусу боюнча, айыл чарбаны каржылоого 9 млрд 984 млн сом берилген. Ал баардык берилген насыялардын 49% түзөт. Өнөр жай чөйрөсүнө 1 млрд 194 млн сом (6%) насыя берилген, ипотекага 1 млрд 742 млн сом (8%), калкка кызмат көрсөтүү – 1 млрд 344 млн (7%), соода жана кызмат көрсөтүү – 2 млрд 162 млн сом (11%), лизинг - 1 млрд 544 млн (8%), курулуш – 1 млрд 93 млн (5%), транспорт жана байланыш - 412 млн сомов (2%) берилген.

“Бизде айыл чарбаны каржылоо артыкчылыктуу орунда турат. Ошондуктан айыл чарбага берилген насыялардын пайыздары жогору”, - деп түшүндүрдү Шамкеев.

Ал белгилегендей, көп учурда дыйкандардын асыл-тукум малдарды алууга каражаты жетпейт. Ал эми банк ошол асыл-тукум малдарды алып, өз кирешесин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүп берет.

“Биз дайыма инвесторлорду тартуу боюнча иштерди жүргүзүп келебиз. Азыркы учурда эң негизги инвестор – Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду”, - дейт банктын жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий