• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айыл чарба азыктарын Казакстанга ташууда эч кандай чектөөлөр жок – Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 01.04.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында “Ак-Тилек” көзөмөл бекетинде тиешелүү документтери бар айыл чарба жана башка азыктарды ташыган унаалар эч кандай көйгөйсүз өтүүдө. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда азыктарды ташууда эч кандай чектөөлөр жок.

Министр Нурбек Мурашевдин буйругу менен бул чек ара бекетинде өсүмдүк карантини боюнча Департаментинин кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иш алып барууда.

Айыл чарба азыктарын экспорттоодо аталган көзөмөл бекетинде көйгөйлөр пайда болсо 0500 577 888 номуруна чалсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий