• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айыл чарба азыктарын себүү үчүн аянттар кеңейтилүүдө - министрлик

Коом 0

Бишкек, 23.07.19. /Кабар/. Жыл сайын айыл чарба азыктарын себүү үчүн аянттар кеңейтилүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин адистери билдиришти.

Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Айжан Жакшылыкова белгилегендей, 18-май күнү органикалык айыл чарба тууралуу мыйзам кабыл алынган. Учурда айыл чарба жүргүзүүнүн салттуу жолунан органикалыкка өтүү боюнча иштер жүрүүдө.

"Бул бизге азыктарды экспорттоодо абдан маанилүү. Сертификатты ар бир адам өз ыктыяры менен ала алат. Биз сапаттуу азык менен камсыз кылуу максатында ички органикалык стандартты иштеп чыгуубуз керек”, - деди ал.

Жер иштетүү, урук жана органикалык айыл чарба азыктары бөлүмүнүн жетекчиси Жигиталы Жумалиев кошумчалагандай, органикалык жер иштетүү – бул мал жана өсүмдүктөр азыктарын кайра иштетүү өндүрүшү.

“Кыргыз эти, сүз азыктары жана жер-жемиштер атамекендик айыл чарбанын бренди болушу керек. Жыл сайын айыл чарба жүргүзүү үчүн жер аянттары кеңейтилип келет. Көбүнчө алар: пахта, дары чөптөр, жаңгак, кара өрүк ж.б.”, - дейт Жумалиев.

Ал кошумчалагандай, биздин азыктардын негизги бөлүгүн жеке ишкерлер чыгарышат, бирок алардын бардыгы эле агрардык учурларды биле беришпейт. Эгерде аталган багытта иш алып барсак, анда биздин өлкө атаандаштыкка туруктуш бере ала турган өлкө болот.

“2004-жылы биз алгач биопахта чыгара баштадык. Ошол кезде аянт 40 гектарды түзсө, 2018-жылга карата ал аянттар 800 гектарга чейин кеңейген. Былтыр 218 тонна пахта өндүрүлгөн. Өндүрүлгөн биопахта толугу менен Европа өлкөлөрүнө жөнөтүлүп, жакынкы күндөрдө анын көлөмүн 300 тоннага жеткирүү пландалууда. Андан тышкары, дыйкандардын кызыгуусу өсүүдө”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий