• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Президент 0

Бишкек, 07.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 24-майында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы кемчиликтерди жана айырмачылыктарды жоюунун негизинде Жер кодексине жана башка укук ченемдик актыларга шайкеш келтирүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып жети күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.

Пикир

Оставить комментарий