• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айыл чарба багытындагы жерлерине 41 миңден ашык турак үй курулган

Коом 0

Бишкек, 31-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-майда, өлкө боюнча 2009-жылдын 31-июлуна чейин турак үйлөр курулган сугат жана айдоо аянттарын инвентаризациялоо ведомтсволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен таанышты.

Комиссия 2016-жылдын 11-ноябрында Премьер-министрдин буйругу менен түзүлгөн. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Канатбек Муратбеков башында турган комиссиянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү бар.
Ведомстволор аралык комиссия тарабынан сугат жерлердин, айдоо аянттардын аянты, чек арасы тууралуу жер ээсинин маалыматтары камтылган персоналдык реестр түзүлгөн.
Түзүлгөн реестрга ылайык, 7 облустагы 220 айыл аймактарынан 13 992 гектар айыл чарба багытындагы жерлерине 41 509 турак үйлөр курулуп, анда 46 378 үй-бүлө жашап жатканы аныкталды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, жер участкаларын инвентаризациялоо ишинин биринчи этабы аяктады. Ал биринчи этапта 2009-жылдын 31-июлуна чейин айдоо аянттарында турак жайлардын курулуш фактылары иликтенгендигин эскертти. Комиссиянын ишинин жыйынтыгын парламенттин кароосуна жиберет.

Экинчи этапта өлкөнүн укук коргоо органдарынын катышуусунда жаңы ведомстволор аралык комиссия түзүлөт.

Комиссия 2009-жылдын 31-июлунан кийин турак жай курулган жана курулушу пландаштырылып жаткан айыл чарба багытындагы жерлерди инвентаризациядан өткөрөт. Комиссиянын негизги милдети – айыл чарба багытындагы жерлерде турак жайлардын курулушуна жол берген тараптарга юридикалык баа берүү болуп саналат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бул маселе боюнча Өкмөттүн катуу позияциясын дагы бир жолу баса белгилеп, бул маселеде биринчи кезекте коррупциялашкан топтордун айынан айдоо аянттары кыскарып жаткан фактылар эске алынышы керек экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий