• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айыл чарба кооперативдер тарамагын кеңейтүү – Өкмөттүн агрардык саясатындагы артыкчылыктуу багыт - Абылгазиев

Аймак 0

Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. «Айыл чарба кооперативдер тарамагын кеңейтүү Өкмөттүн агрардык саясатындагы артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат», - деп билдирди бүгүн, 8-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын районунун Жан-Булак айылындагы «Жийде-Бак» үрөн чарбасынын иши менен таанышууда. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Нарын районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Семетей Черикбаев маалымдагандай, аталган чарбанын айдоо аянты 100 га түзөт, райондогу 13 үй-бүлө анын мүчөсү болуп саналат.

Өкмөт башчы бүгүнкү күндө аймактардагы ири кооперативдикк чарбаларды түзүү маселеси актуалдуу саналаарын белгиледи. Ошондой эле анын айтымында, аталган айыл чарба кооперативин уюштуруу тажрыйбасын жалпы облустун аймагына жайылтуу зарыл.

Премьер-министрдин айтымында, бул атамекендик айыл чарба продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө жагымдуу шарт түзөт жана фермерлерге көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө мүмкүндүк берет.

Буга катар ал дыйкандардын кооперативдерге биригүүсү өлкө аймактарын өнүктүрүүдө дагы бир таяныч болоорун белгиледи.

«Атамекендик айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр ЕАЭБ артыкчылыктарынан толук кандуу пайдалануу менен катар өз продукциясынын сапатын тийиштүү стандарттарга дал келтирүүгө далалаттанышы керек. Кыргыз Республикасынын Президенти үстүбүздөгү жылды – Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялады, анын алкагында агрардык тармактын натыйжалуулугун арттырууга өзгөчө көңүл бурулушу кажет», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан соң Өкмөт башчы жылдык орточо кубаттуулугу 115-150 млн кВт/саат эсептелген Ат-Башы ГЭСинин иши менен таанышты.

Ага суу сактагычтагы суунун көлөмү 7,6 млн метр кубду түзөөрү тууралуу маалымат берилди.

Аны реконструкциялоо жүргүзүүнүн зарылдыгына байланыштуу Ат-Башы ГЭСин 18 млн АКШ долларынан ашуун суммага модернизациялоо боюнча беш жылдык долбоор иштелип чыккан. Аталган сумманын көп бөлүгү швейцария тараптан грант түрүндө бөлүнүүдө. Ал кошумчалагандай, жабдууларды алмаштыруу боюнча негизги иштерди 2018-жылдын август айында баштоо пландаштырылууда.

Өкмөт башчы электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жана сапаттуу камсыздоо, өндүрүштүк жана техникалык жоготууларды жана суунун чыгымын кыскартуу зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, ал энергетика тармагындагы квалификациялуу адистерди даярдоо зарылдыгын жана энергетикалык тармактагы башталган реформалардын ийгиликтүү жыйынтыкталышынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Премьер-министр гранттык каражаттын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүүнү жана Ат-Башы ГЭСинин сапаттуу модернизацияланышын камсыздоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий