• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү максатында бир катар чаралар кабыл алынды

Өкмөт 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Өлкөдөгү айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү максатында бир катар чаралар кабыл алынды. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Аталган чечим айыл чарбасын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын, айыл чарба продукциясын, чийки зат жана азык-түлүк рыногун өнүктүрүү, агроөнөр жай комплексинин экспорттук потенциалын жогорулатуу, агрардык сектордун тармактарына дем берүү максатында кабыл алынган.

Документке ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Айыл чарба министрлиги менен биргеликте төмөнкүлөрдү аткаруусу тапшырылды:

- айыл чарба продукциясын айыл чарба кооперативдеринин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларынын бирдиктүү массивде өндүрүүсү жана сатуусу үчүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун пайдаланууга рентабелдүү жерлеринин 75 пайызын тактоо жана аныктоо боюнча тийиштүү жумушчу комиссия түзүүсү;
- жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасы боюнча Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун пайдаланууга рентабелдүү жерлеринин 75 пайызын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдаланууга берүүсү.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги көрсөтүлгөн жерлерди белгиленген тартипте мөөнөтсүз пайдаланууга кабыл алуусу жана жерлердин максаттуу багыты боюнча пайдаланылышын контролдоону камсыз кылуусу тийиш.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көрсөтүлгөн иш-чаралар аяктагандан кийин Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин белгиленген тартипте ижарага берүүсү сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий