• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айыл чарба министри Ат-Башыдагы сүттү кайра иштетүүчү жана сыр өндүрүүчү заводго барды

Аймак 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 30-майда айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Нарын облусунун Ат-Башы районундагы “Ат-Башы Сүт” сүттү кайра иштетүүчү жана сыр өндүрүүчү заводунда болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Ат-Башы Сүт” заводу 2011-жылы ишке берилген. Завод бүгүнкү күндө Нарын облусундагы эң заманбап ири ишканалардын бири. Анда суткасына 10 тоннага чейин сүт кайра иштетет. Өндүрүлгөн продукция негизинен Бишкек шаарынын базарларында сатылат. Завод өнүккөн технологиялык жабдуулар менен жабдылган, ишкананын кубаттуулугу суткасына 10 миң литрге чейин сүттү кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Өндүрүлгөн азыктар жүз пайыз табигый сүттөн жасалат.

Министрликтин башчысы иш процесси менен таанышып, көйгөйлөрүн укту. Заводдун жетекчиси асыл тукум мал чарбасын куруу планы бар экенин жана жерди трансформациялоого жардам берүүсүн өтүндү. Министр Аскарбек Жаныбеков Мамлекеттик жер ресурстары агенттигине бул маселени тез арада чечүүсүн тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий