• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айыл чарба министри Чычкан суусунун башында жайгашкан Арал участкасындагы балык чарбасына барды

Коом 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 27-июнда Чычкан суусунун башында жайгашкан Арал участкасындагы балык чарбасына барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган балык чарба кубулжума желингир (радужная форель) өстүрүү менен алектенет, продукция Жалал-Абад облусунда сатылат. Жылына өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 20 тоннага жетет.

"Балык чарбасынын жетекчилиги менен балыктардын сапаттуу азыктарынын жетишсиздиги, жогорку сапаттагы чабактарды алуу жана көбөйтүү, "Айыл банкы" тарабынан балык чарбаларын насыялоо үчүн атайын шарттарды түзүү маселелери талкууланды", - деп айтылат маалыматта.

Министр ошол эле күнү Айыл чарба жана суу чарба министрлигинин жамааты менен Токтогул шаарына жакын, Жалал-Абад облусунда жайгашкан "Токтогул чарбасы" деп аталган дыйкан чарбасында болду.

Пикир

Оставить комментарий