• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айыл чарба министри: Коңшу өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн «Арашан» асыл тукумуна кызыгуусу артууда

Коом 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Казакстан менен Өзбекстандын өкүлдөрүнүн кыргыз «Арашан» асыл тукумуна кызыгуусу артууда. Бул тууралуу КР айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына ылайык, ал Борбордук Азияда кой чарбасын өнүктүрүү менен алектенген Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү менен жолугушкан.

«Биз асыл тукум малдардын, айрыкча койлорду экспорттоо, импорттоо маселелерин талкууладык. Казакстан менен Өзбектандын өкүлдөрүнүн «Арашан» тукумуна кызыгуусу артууда, аны өз өлкөлөрүндө көбөйтүүнү каалашат. Бул үчүн бизде бардык шарттар түзүлгөн: карантиндик станциялар, койлорду чиптөө, азот заводу, анын жардамы менен биз үрөн материалдарын Борбордук Азия боюнча сактап жана ташып жүрө алабыз», - деп жазган ал.

Министр белгилегендей, учурда КыргНИИЖиП кызматкерлери белгилүү «Арашан» тукумун жайылтуу боюнча иш жүргүзүп жатышат, алардын айрым койлору 200 килограммдан жогору болууда, бул кийин Кыргызстандын бренди болуп калмакчы.

Пикир

Оставить комментарий