• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айыл чарба министри Нарын районундагы Куланак каналынын курулушу менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 30.05.21. /Кабар/. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Нарын районундагы Куланак каналынын курулушу менен барып таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Куланак насостук станциясы 48 жылдан бери иштеп, учурда эскилиги жетип калган. Канал 5 миң гектар жерди үзгүлтүксүз сугат суусу менен камсыз кылып, дагы 2 миң гектар жерди өздөштүрө алат.

Бүгүнкү күндө баштапкы курулуш иштери аяктады. Министр бул долбоорду ишке ашыруу аягына чыкса, аймактын экономикалык өнүгүүсүнүн жана жергиликтүү калктын турмушун жогорулатуунун кубаттуу жышааны болуп калаарына ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий