• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айыл чарба министри: Кыргызстанда азык-түлүк жетиштүү

Коом 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда учурда азык-түлүк жетиштүү, - деп билдирди өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев.

Анын маалыматына таянсак, ишкерлер коңшу мамлекеттер менен өз ара келишимдерди түзүп, жергиликтүү рынокту толтурууда.

"Ишкерлерге чоң ыраазычылык билдиребиз. Бардык жолдор менен келишимдерди түзүп, анын ичинде Россия жана Казакстан менен сүйлөшүп, рынокту толук камсыз кылышууда. Ачыгын айтканда, май өсүмдүктөрү жагынан бизде бир аз көйгөй бар. Бирок бүгүнкү күндө кампалар толтура, эч кандай көйгөй жаралбайт", - деп ишендирди ал.

Пикир

Оставить комментарий