• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айыл чарба министри Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын туура пайдаланууга чакырды

Коом 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Айыл, токой жана суу чарба министри Аскарбек Жаныбеков Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын туура пайдаланууга чакырды, - деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондорду өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутаттар “Жер участокторун өткөрүп берүү (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карашты.

"Бул мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин, мыйзамдын негизинде айыл чарба багытындагы жер айттарын сатып алуу менен ал жерге курулуш иштерин баштоону көздөп тургандар жок эмес. Мен аларга эскерте кетмекчимин, бул маселе боюнча атайын мыйзам кабыл алынган жана баары мыйзам чегинде каралат. Эртең кылмыш иши козголуп, темир тор артында калбагыла”, - деди аыл токой жана суу чарба министри Аскарбек Жаныбеков.

Ошондой эле ал Айыл чарба министрлиги өлкөнү азык-түлүк коопсуздугу менен камсыздоого милдеттүү экендигин айтты.

“Биздин ата-бабаларыбыз мурас кылып калтырган Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын келечек муунга өткөрүп бергендин ордуна, тескерисинче, туура пайдаланбай жатабыз”, - деди министр.

Учурда Чүй облусунда дыйкандар жүгөрүнү активдүү өстүрө башташты.

“Орточо эсеп менен 1 миң 45 гектардан жылына 400 млн сом киреше табабыз. Ал эми ушул эле сумма менен 49 жылга эсептегенде, 20 млн сомдук кирешени жоготобуз”, - деп айтты.

Пикир

Оставить комментарий