• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айыл чарба министри Кыргызстанга 30 млн доллар кайтарымсыз жардам бөлө турган келишимге кол койду

Коом 0

Бишкек, 08.03.22. /Кабар/. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков КР министрлер кабинети жана Буунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) ортосундагы Жашыл климат фондунун (ЖКФ) “КРдагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо” келишимине кол койду. Бул тууралуу министр Аскарбек Жаныбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Министр бул долбоорду ишке ашыруудагы негизги кадам болорун, ал үчүн ЖКФ Кыргызстанга 30 млн АКШ доллары өлчөмүндө гранттык каражат бөлүп берерин кошумчалаган.

"Долбоордун багыты айыл чарбасында жана токой чарбасында климатка багытталган ыкмаларды эске алуу менен айыл жериндеги киреше булактарын диверсификациялоону колдоо болуп саналат.

КР президенти Садыр Жапаровдун токойлор боюнча демилгесин жана Глазго шаарынын жетекчилеринин токойлордун экосистемаларын сактоо жана өнүктүрүү боюнча кабыл алган декларациясын эске алуу менен 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы токой чарбачылыгын белгилүү бир деңгээлге көтөрүүгө салым кошот деп ишенем", - деп жазган министр.

Пикир

Оставить комментарий