• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айыл чарба министри өлкөдөгү азык-түлүктүн запасы тууралуу айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 12.03.22. /Кабар/. Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков өлкөдөгү азык-түлүктүн запасы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Кыргызстанда азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгү боюнча кооптонууга негиз жок.

“Бүгүнкү күндө кайра иштетилген кумшекерди, ошондой эле 1,5 миң тоннага жакын импорттук кумшекерди, «Кайыңды Кант» ААКнын кампасында сакталган 11,5 миң тонна кумшекерди эске алганда, жалпы көлөмү 20 миң тоннага жакын кумшекер бар, бул калк үчүн 2,5 айга жетиштүү. Мындан тышкары, мамлекеттик материалдык резервдердин кампаларында 2,5 айга жеткендей кумшекер бар”, - деди министр.

Аскарбек Жаныбеков белгилегендей, өсүмдүк майынын запасы 2,5 айга, ал эми кампалардагы запасты эске алганда дагы 3 айга жетет.

Ал белгилегендей, өлкөнүн кампаларында иштетилген унду кошпогондо 60 миң тоннадан ашык буудай бар.

Жаныбеков коомдо чуу жаратпоого чакырды, анткени бул базардагы баага таасирин тийгизет.

Пикир

Оставить комментарий