• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Айыл чарба министри "Манас" университетинин cтуденттери менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 27-майда Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин cтуденттери менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аскарбек жаныбеков студенттер менен жолугушууда министрликтин ишмердүүлүгү жана жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Маектешүү учурунда министр Аскарбек Жаныбеков студенттерди биримдикке чакырды. "Кыргызстандын келечеги катары силерден үмүтүбүз чоӊ. Андыктан, айыл чарбасына өз салымыңарды кошуп, ар бир тармакты өнүктүрүүгө жардамчы болосуздар деп ишенем ", - деди министр.

Ал эми студенттер жолугушуунун жүрүшүндө кызыккан суроолоруна жооп алып, айыл чарба тармагында иштөөгө кызыкдар экенин билдиришти

Пикир

Оставить комментарий