• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айыл чарба министри Оштогу “Катта-Талдык” асыл тукум заводунун ишмердиги менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айыл аймагында жайгашкан “Катта-Талдык” асыл тукум мамлекеттик заводуна барды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министр заводдун ишмердиги жана чарбанын абалы менен таанышты.

Чарбанын жетекчилигине М. Өмүрзаковго асыл тукум уяң жүндүү койлордун башын көбөйтүүнү жана шарт түзүүнү, ошондой эле, меринос койлорун аймакка жайылтууну тапшырды.

Маалымат үчүн: Бүгүнкү күндө жалпы республикада уян жүндүү койлордун саны 130 миң башты түзсө, анын 2800-3000ге жакыны “Катта-Талдык” асыл тукум мамлекеттик заводунда.

Пикир

Оставить комментарий