• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айыл чарба министри пахта эгүүдө пленканы колдонуу ыкмасы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Ош жана Баткен аймактарына болгон иш сапарында Кара-Суу районундагы Оомат үрөн чарбасына барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда министр пахта эгүүдө пленканы колдонуу ыкмасы менен таанышты. Плёнканы колдонуу бир катар артыкчылыктарга ээ: нымдуулук сакталат, отоо чөптөр өспөйт. Мындан тышкары, пленканын астында тиешелүү температура менен өсүмдүктөрдүн өнүгүшү тезирээк жүрөт. Бул ыкма пахтанын түшүмдүүлүгүн кыйла жогорулатууга жана аны күтүүгө кеткен чыгымды төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Белгилей кетүүчү нерсе, пленканы колдонуу технологиясы жаңы эмес. Мисалы, Кытайда бул ыкма пахта себүүдө көптөн бери колдонулуп келген.

Пикир

Оставить комментарий