• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Айыл чарба министри түшүмдүүлүк аз болгонуна карабай кымбатчылык болбойт деп ишендирүүдө

Коом 0


Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул жылы буудай жана дан эгиндеринин түшүмү өткөн жылдагыга караганда 35%га аз болот. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, жүгөрүнүн дагы түшүмдүүлүгү 10-15%га аз болот, бул тоютка дагы таасирин тийгизет.

«Бул жылы вегетация учурунда жаан-чачынга байланыштуу көйгөйлөр көп болду, Чүй облусунда жаан-чачын жылдык орточо көрсөткүчтөн төмөн болду. Ошондой вегетациянын башталышында сугат суу дагы аз болду. Бирок, жалпысынан ала турган болсок, азыр абал сугат суу менен камсыздоо жагынан да кыйын болгон 2014-жылдагыдай»,-деди министр.

Ал тоюттун бардык түрүн өлкөдөн чыгарууга тыюу салынып жатканын жана сырттан алып келинип жаткан тоюттун бардык түрүнө кошумча нарк салыгы алынып салынганын белгиледи.

«Учурда кескин кымбаттоо байкалган жок, тескерисинче айрымдар боюнча баанын төмөндөөсү жүрүп жатат. Бул кошумча нарк салыгынын алынып салынышы бизнеске тоютту экспорттоого стимул бергени себеп болгон. Мындан ары тоюттун баасы көтөрүлбөйт, тескерисинче төмөндөйт»,-деди ал.

Мындан тышкары, Айыл чарба министрлигинин башчысы дан эгиндерин импорттоочу негизги өлкө Россияда түшүм жакшы жана баалар жогору эмес экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий